www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте тамекини кымбаттатуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында сатыкка коюлган тамеки продукциясынын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Демилге депутаттар Дастан Бекешов, Альфия Самигуллина жана Евгения Строковага таандык.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, депутат Альфия Самигуллина "Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл" деген пикирин билдирип, кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигине токтолду.

Депутат Рыскелди Момбековдун каршы добуш бергенин эсепке албаганда, комитеттин чыгарган чечими аркылуу сунушталган демилге жактырылды.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости