www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда буга чейинки абанын эң жогорку температурасы кечээ Белужистан аймагынын Турбат шаарында катталды.

Пакистандын Метеорология кызматынын өкүлдөрү, Турбатта кечээ абанын температурасы 53,5 градус болгонун билдиришти.

Өлкөдө абанын эң жогорку температурасы акыркы жолу 2009-жылдын 30-майында 52 градуска жеткен болчу.

Жооптуу кызматкерлер Пакистандын климаттык өзгөрүүдөн жапа чегип жатканын, акыркы жылдарда ысык абанын өлкөнүн жалпысында таасирдүү болгонун билдиришти.

Пенжаб жана Синд аймактарында да аба ырайы өтө ысык болуп, күнүмдүк жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости