www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары башын таза жууп, төшөгүн эптеп жыя албаганы, бадыраң эгип мамлекеттик кызматка ээ болгондору деле саясатка кызуу киришип мамлекеттик кызматты маскара кылып алышты. Мыкты кадрлар «Бакиевчил» болуп бөлүнүп бир ууч «маймылдардын» айынан мамлекет өнүкпөй артта калып, жок болуунун алдында турат. Бийлиги да эли дагы тартиптен чыкты. Дүйнө жүзүнө 6-7-8-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон топ маскара болуп, элге жүзүн көрсөтүп алды.

Жыйынтыганда мамлекеттин тизгини Садыр Жапаровго тийип, аянттагы «маймылдардын» көпчүлүгү кызматка олтуруп тим болуп, алды Россияга барып карыз сураганга жетишти…Маскарачылык…

Садыр Жапаров ойлонуп олтурбай кадр маселесин чечкенге аракет кылууда. Алардын бирин гана мисал кыла турсак Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди кайра кызматка алып келсе «Бакиевдин кадры, кетсин!», деп, мамлекеттик кызматтын «м» тамгасын түшүнбөгөн Аскат Осмонов бир ууч тобу менен кыйкырып чыкты.  Жыйынтыгында «Бакиевчил» деген Нариман Түлеев алардын айынан кызматтан кетип тынды…

Негизи акыркы 10 жылда Алмазбек Атамбаев элди эки топко бөлүп салды. Анын «Бакиевчил» деген сөзү элге таасир этип мыкты мамлекеттик кадрлар сыртта калды. Ошентип, алакандай кыргыз бөлүнүп жатып, өнүкпөй эле «өлүк»саясатка кирип кеттик. Бизге четтен деле душмандын кереги жоктой. Эң башысы кыргызга камчысы каттуу хан келип, бийликте турган айрым чыккынсчыларды ата турганын атып, элди да өз жолуна салбаса чектенн чыгып кетти.

А баса Кыргызстанда 100% аткаминерлер Бакиевчил экенин унутпасак. Негизги баса белгилеп кете турган маселе Курманбек Бакиевдин кадрлары президент болгонун дагы унутпасак.

Сүрөттөргө назар салалы да, жыйынтык чыгаралы.

Мына замандаштар! Кыргыз элин көралбастык, ичи тардык, караниеттик менен трайбализм жеңип чыгып, мамлекет ыдыраганы аз калды. А биз кызмат талашып, мамлекеттик кызматтын баркын кетирип, бадыраң тигип, беш-алты жолу аянтта кыйкырып койсо Тилек Токтогазиевге окшогон мадыра баштарды министр кылып олтурабыз. Бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн 6 млн калк митингден тажады. Чыныгы мамлекеттик мыкты кадрларды “бакиевчил” деп бөлүп жаргандан бир жыйынтык чыккан жок...

Оңолбой эле жоголгону калдык окшойт... 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости