www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын вице-премьер-министри Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын № 2 түзөтүү мекемесине барды. Ошондой эле КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Вице-премьер-министр түзөтүү мекемесиндеги аялдардын жашоо шарты жана андагы өндүрүш тилкесин көргөн. Муну менен катар соттук-укуктук реформанын алкагында
мекеменин планына ылайык салынып жаткан объектинин курулушу жана реконструкциялоо иштери менен таанышкан.

Ошондой эле Максат Мамытканов соттолгон аялдарды кайра коомго көндүрүү максатында түзүлгөн түзөтүү колониясындагы «Таза аймак» реабилитация борборунда болгон.

Андан соң вице-премьер-министр КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышкан.

Белгилей кетсек, Борбор КРнын бардык түзөтүү мекемелеринин аймагында коопсуздук системасын көзөмөлдөөнү жана өтө кооптуу жагдайларга автоматтык түрдө көз салуу менен ага жооп кайтарууну ишке ашыруу үчүн ведомстволук мекемелерде абалга борборлоштурулган ыкчам байкоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.

Түзүлгөн борбордун негизинде соттолгондор тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын азайышына, ошондой эле мекемелердин кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин сапаттуу аткаруу деңгээлинин жогорулашына жетишилгендиги белгиленген.

Вице-премьер-министр соттук-укуктук реформанын алкагында жасалган иштерге оң баасын берген.

Мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы техникалык жабдууларды заман талабына жооп бериш керектигин белгилеген.

«Тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жогорку технологияларды киргизүү мамлекеттик түзөтүү
мекемелеринин ишинин сапатын бир кыйла жакшыртат. Бул багыттагы иштерди улантуу
зарыл»,- деди Максат Мамытканов.

Вице-премьер-министр соңунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине жана өздүк курамына артыкчылыктуу тапшырмаларды берген.

Ошондой эле мекеменин кызматкерлерин КРнын мыйзамдарынын жана Тартип Уставынын бардык нормаларын сактоого чакырган.

Ал жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости