www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте электр энергиясына тиешелүү буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда болжол менен саат 5:50 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Байтик Баатыр көчөсүнөн электр энергиясына тиешелүү буюмдарды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

1963-жылы туулган А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 5:00 чамасында “ОсОО пикник” имаратынан узундугу 150 метр болгон баасы 20 миң сомду түзгөн кабелди уурдап кеткен. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иштерин уюштуруп, кылмыш иизин суутпай кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган З.А. аттуу жаранды кармашып, октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп, беришкен.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости