www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.
“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан, дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.
Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg