www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломаттарын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Сиздерди Дипломатиялык кызматкердин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргызстандын тышкы саясаты ар дайым өзүнүн ырааттуулугу, прагматизми жана салмактуулугу менен айырмаланып келген. Дүйнөлүк процесстер убакыт өткөн сайын татаалдашып, күтүлбөгөн жерден жаңы тышкы чакырыктар жана көйгөйлөр пайда болууда. Аларды чечүүдө өлкөнүн тышкы саясий мекемесинен ыкчамдуулукту, мобилдүүлүктү күчөтүү жана салмактуу чечимдерди кабыл алуу талап кылынууда.

Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандын тарыхынын жаңы баракчасын ачып жатабыз. Элибиздин улуттук аң-сезиминин ойгонушу аркылуу бийлик мыйзамдуу жол менен алмашты. Ушул кырдаалда биздин дипломаттардан өзүнүн мыкты кесипкөйлүгүн жана мекенчилдигин көрсөтүп, тышкы өнөктөштөр менен улуттук кызыкчылыктардын негизинде ырааттуу иш алып барууга тийиш.

Быйыл дипломаттар дарыгерлер жана ыктыярчылар менен биргеликте коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө орчундуу салым кошушту.

Сиздердин аракеттериңиздер менен саламаттык сактоо органдарынын дараметин чыңдоого жана калктын саламаттыгын коргоого багытталган медициналык-гуманитардык жардамды Кыргызстанга тартууда масштабдуу иштер аткарылды.

Коронавирустун жаңы сыноолору, анын өлкө экономикасына жана бюджетине тийгизген кесепеттерин жоюу маселеси азыр да курч бойдон турат.

Өлкөдөгү кырдаал тышкы саясий багытта, айрыкча экономикалык дипломатияда жигердүү иш жүргүзүүнү талап кылууда.

Азыркы шарттарда республикага жаңы инвестицияларды тартуу сиздердин ишиңиздердин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болушу керек.

Урматтуу дипломаттар!

Дипломатиялык кызматтын ардагерлеринин жаш адистерди тарбиялоого кошкон салымы баа жеткис. Кыргыз дипломатиясынын тутумунда жогорку квалификациялуу дипломаттардын жаңы мууну калыптанды. Алар ардагерлердин тажрыйбасын алып, илимди өздөштүрүп, эл аралык аренада өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоону улантууда.

Динамикалуу өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө биздин дипломаттар Кыргызстандын атын татыктуу таанытууда.

Биз ар дайым сиздердин кесипкөйлүк, эмгекчилдик, чынчылдык, ишке берилгендик жана иш билги сапаттарыңыздарга ишеним артабыз.

Дипломатиялык кесип коом ичинде дайыма жогору бааланып келет, мунун өзү мамлекетибизде дипломатиялык кызматтын маанилүүлүгүн тастыктайт.

Мындан ары дагы өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп, дипломатиялык чөйрөдөгү жаңы ийгиликтерге жетишесиздер деп терең ишенем.

Бардык кызматкерлерге, ошондой эле дипломатиялык кызматтын ардагерлерине бекем ден соолук, бакты-таалай, талыкпас күч-кубат жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.

Кыргызстаныбыздын бакубатчылыгы үчүн аткарып жаткан ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!» 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости