www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артем Новиковдун тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Бактыбек Аманбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  «Ак-Тилек Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин көзөмөлдөдү.

Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси белгилегендей, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда учурда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды өткөрүү, көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча 8 кызмат иш алып барууда, эгерде мында бирдиктүү автоматташтырылган товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө тутуму болсо, иш бир кызмат аркылуу гана жөнгө салынмак.

«Биз чет мамлекеттердин тажрыйбасын пайдалануубуз керек, анда көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө автоматташтырылган тартипке өткөрүлгөн, аталган ишти техника аткарат. Ишти контактсыз формага өткөрүү коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоет», - деп белгиледи Бактыбек Аманбаев.

Ошондой эле, Бактыбек Аманбаев белгилегендей, жүк ташуучу унаалар мамлекеттик чек арадан өтүүсүндө тийиштүү кызматтар тарабынан үстүртөн гана каралат, бул аткезчилик жана башка тыюу салынган товарлардын ташылып кирүүсүнө толук бөгөт кое албайт.

«Контактсыз негизде иш алып барган сканердик техниканы орнотуу керек. Бул аткезчилик жана башка тыюу салынган товарларды республиканын аймагына киргизилишине чек гана койбостон, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы тутумду коррупциялык көрүнүштөрдөн сактайт», - деди ал.

Андан соң Бактыбек Аманбаев көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу товарларды өткөрүү, көзөмөлдөө жана эсепке алуу алгоритми менен таанышты.

Маалыматка караганда, айрым учурда каттоо китебинде көрсөтүлгөн сандар көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн транспорттук каражаттардын реалдуу санын көрсөтө бербейт, бул өткөрүү пунктундагы коррупциялык схемалардын орун алгандыгынан кабар берет.

«Ак-Тилек Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү кызматтарга, анын катарында салык жана бажы кызматтарына, чек ара кызматына товарларды эсепке алуу пунктунун ишинде ачык-айкындыкты, товарларды өткөрүүнүн автоматташтырылган эсепке алуусун камсыздоо аркылуу тутумдуу өзгөртүүлөргө багытталган сунуштарды киргизүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Ошондой эле өткөрүү пункттарындагы кызматкерлердин ротациясын жүргүзүү тапшырылды.

"Аталган өзгөртүүлөр коррупциялык көрүнүштөрдү жана тобокелдиктерди толук четке кагуу максатында жүргүзүлүүдө», - деп жыйынтыктады Бактыбек Аманбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости