www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Учурда деле Садыр Жапаровдун абалы дагы деле оор, ага кысым көрсөтүүлүүдө, - деген пикирин бүгүн, 5-апрелде Садыр Жапаровдун жактоочусу Бактыбек Асамудинов ММК менен болгон жыйында билдирди.

 

“Садыр Жапаров, 2-апрелде таңкы окуядан кийин көп кан жоготкон.    Ага мыйзамсыз кысым көрсөтүлүп жатат. Адвокаттар Жапаровго жакшы кам көрүүнү суранып жатышат. Тилекке каргы бүгүнкү күнгө чейин булмаселе чечилбей жатат. Садыр Жапаровдун абалы оор болсо дагы тез жарадм 5 сааттан кийин келген. Анын абалы оор болсо дагы ооруканага жеткирилбей, эч кандай шарты жок шаардагы 47-колонияга алып барып салышкан. Ушул тапта иликтөө жүрүп жатат, тийиштүү органдардан расмий жооп күтүп жатабыз”, - деген пикирин билдирди Садыр Жапаровдун жактоочусу Бактыбек Асамудинов.

Эске сала кетсек, 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн. Жактоочулардын айтымына караганда абалы учурда жакшы.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости