www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Бактыбек мырза, чын эле Чүйдө, анын ичинде Жайыл жана Панфилов райондорунда сугат суу тартыш болуп жатабы?
- Ооба, бүгүнкү күндө Жайыл жана Панфилов райондорунда сугат суу тартыш болууда. Мен ишенимдүү балдарды жиберип, «себептерин билгиле» деп тапшырма бергем. Тоодон суу толук кандуу эле келип жатат. Болгону, дыкат регулировка болбогондон улам бир жерде суу кенен да, бир жерде суу тартыш болуп, жетпей калып атыптыр. Ушул боюнча өкмөткө кайрылып, «көзөмөлгө алгыла, дыйкандардын баарына суу жетсин» деген сунуш айткам.
- «Дунгандар» деп баса белгилеп кетипсиң...
- Ооба, эмоцияга алдырып, бизге кайрылган дыйкандар кандай айтса, эч бурмалабай айтып, оозуман чыгып кетиптир. Кыргыз болсо «кыргыз», дунган болсо «дунган», казак балсо «казак» эле дейсиң да. Бу жерде улут аралык араздашуу сөзү эмес, болгонун айткам.
- Өкмөт башчы Улукбек Мариповго да ушу боюнча катуу айттың окшойт?
- «Иштей албайсыңбы? Кызматыңды таштап, кет!» деп катуу эле айттым. «Сүрөткө түшүп пиар кылгандан көрө иштегиле. Колуңардан келбесе кеткиле» дедим. Райондук суу чарбаны башкарган жетекчилердин бир-экөөнө телефон чалып, «суу таңсыктыгын чечкиле. Чече албасаңар, жумуштан кетесиңер!» деп койсо эле бардыгы өз нугу кетмек. Жадагалса ошону жасабай жатпайбы!
Азыркы өкмөттүн жасап аткан иштерин эл көрбөй, жыйынтыктары жок. Чечкиндүү кадамдарга барбай атат. Иштегенине 5-айга кетти. Чын-чынына келгенде, күчтүү адис бир-бир жарым айдын ичинде өзүн элге, коомчулукка көргөзө алат.
Булак: Азия News гезити