www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды. Эртең мененки 08:00го карата 124 бош орун бар. Ошондой эле бүгүнтөн тартып Аскер госпиталында COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча дагы 65 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча:
— Улуттук хирургия борбору – бош орун жок;
— Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 1 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйү – 6 орун;
— №2 шаардык клиникалык оорукана – 19 орун;
— №6 шаардык клиникалык оорукана – 1 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борбору – 7 орун;
— Чүй облустук бириккен оорукана – бош орун жок;
— Улуттук госпиталь: ИОВ – 10 орун;
— Улуттук онкология жана гематология борбору – 7 орун;
— Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – бош орун жок;
— Республикалык наркология борбору – 7 орун;
— Улуттук госпиталь: Мобильдик клиника – бош орун жок;
— Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок.
Кошмча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор боюнча билсе болот.
Булак: NazarNews.kg