www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө 21, Көлдө 15 жаштагы сууга чөккөн балдардын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кырсык 26-июнь күнү райондогу Жеңиш айылында болгон. ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин 27-июнда баштап, ага 19 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, 20 жергиликтүү тургун тартылган. Караңгы кирип кеткендиктен, 20:30дар чамасында издөө иштери токтотулган.

"Бирок жергиликтүү тургундар баланы түн ичинде да издеп, анын сөөгүн суудан көрүп калып, суучулдарга кайрылышкан. Саат 02:10дор чамасында суучулдар каза болгон өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ башка аймактарда да сууга чөккөндөр тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Аламүдүн районунун Дачное айылындагы ГЭС-5 суу сактагычынан 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды.

ӨКМдин маалыматына караганда, ал сууга 27-июнь күнү түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн үч куткаруучу тартылып, саат 17:02де анын сөөгүн таап, ӨКМге өткөрүп беришкен.

Жалал-Абаддын Кара-Кулжа районунда алты күндөн бери Казык жайлоосундагы Казык суусуна түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости