www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кийинки аптада кароо зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо таап, үчүнчү окууда турат. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берүү керек. Эмне үчүн тийиштүү комитет алып чыкпай жатат? Ушул мыйзам долбоорун кийинки аптага кароого алып чыгууну суранат элек. Коммерциялык эмес уюмдардын арасында батышчылдардын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдер уюштурулуп жатат. Кылган иштери тууралуу жооп бериши керек", - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сунушту аппарат карап чыгып, тиешелүү аракеттер көрүлө турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости