www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги активист Бактыя Калпаев менен чиеленген чек ара маселеси боюнча пикир алыштык.

-Бактыяр, акыркы мезгилде чек арада ок атышуу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Ок тийген, жарат алган жарандардын убалы кимге? Ал үчүн ким жооп бериши керек?

-Тилекке каршы, 30 жылдан бери чек ара маселеси чечилбегендигинен улам, канчалаган мекендештерибизден айрылдык, канчалаган жарандарыбыз запкы жеди. Жүздөгөн гектар жерлерибизди жоготтук. Мамлекеттик органдар эл менен макулдашуу иштерин жеткиликтүү деңгээлде жүргүзбөгөнүнүн айынан жана чечкиндүү кадамдарга барбаганынын айынан ушундай  жоготууларга учурап жатабыз. Тарыхты карап көрсөк Ата-бабаларыбыз узак жол, бийик ашууларды басты. Эч качан кыргыз жерин таштап кеткен эмес, ар бир карыш жерин сактап муундан муунга өткөрүп келген. Кыргызстандын жерин сактап аны урпактарга өткөрүп берүү биздин да ыйык милдетибиз. Ошон үчүн чек ара маселесин чечип, элибизди да, жерибизди да кемитпей сактап калышыбыз керек

-Бийлик чек ара маселесин чечүүгө киришкенсийт. Ага карабай чек ара маселеси жылдан жылга курчуп бараткансыйт. Мунун себеби эмнеде?

-Бул маселенин бир нече жүйөлүү факторлору бар. Тажик тарапта элдин саны Кыргызстанга салыштырмалуу ылдамдык менен көбөйүп баратат. Андан сырткары, суу жана башка стратегиялык мааниге ээ болгон жерлерге көз артып жатышкансыйт. Алардын акыркы мезгилдеги аракеттерине байкоо салсак, Кыргызстандын жерлерин басып алуунун аракетин көрүп жатышат. Жергиликтүү эл кыргыздын ата-бабасынан калган жерин коргоо менен алек болуп жатат. Кыскасы, чек ара маселесинин чечүү кечеңдеп, убакыттын созулуп жатканы Тажикстан тарапка утуш болуп жаткансыйт.

-Маселени чечүүнүн жолу кайсылар деп ойлойсуз?

-Бул маселени чечүүнүн жолун сунуштаган менен иш бүтпөйт. Ал эле, бул эле деп убакыт гана созула берет. Ошон үчүн  мекенчил жүрөгүндө жалыны бар инсандарды чечүүчү кызматтарга дайындаш керек. Ошондо гана чек ара маселеси чечилет. Жана чек ара маселесин аныктап жаткан комиссиянын ишинде жылыш болот.

-Басма сөз жыйынында “Кыргызстандын жерине жол куруу үчүн неге тажиктерден уруксат алышыбыз керек” дегениңиз кызуу кандуулукка алдыргандык эмеспи?

-Дүйнө жүзүндө канчалаган мамлекеттер бар. Алардын ар биринин өзүнө тиешелүү территориясы бар. Ар бир мамлекет өзүнүн жеринде каалагандай курулуш иштерин жүргүзүүгө акылуу. Жана ал үчүн башка мамлекеттен уруксат алышпайт. Ошон үчүн биз да чек ара менен чектеш жерлерге курулуш жүргүзүү үчүн башкалардын уруксатын алышыбыз зарыл эмес.

-Эгер президент жаштардан команда түзөйүн деп, сизди Баткенге Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кылып шайласа, чек араны чечүүнүн аракетин көрөт белеңиз? Анткени, ал жакта коомчулукка жарыялаганга болбогон, бирок, басым катуу болгон жагдайлар көп дешет го...

-Жалгыз адам бул маселени чече албайт, чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлде, жогорку бийлик бутактарынын түздөн түз катышуусу аркылуу чечилүүчү маселе. Бул маселе мамлекеттик саясатты жана чечкиндүү кадамдарды талап кылат. Мага эл тараптан ишеним көрсөтүлүп кайсыл бир кызмат берилсе, элдин кызыкчылыгынын негизинде баардык мыйзамда берилген мүмкүнчүлүтөрдү колдонуу менен иш алып бармакмын.

-Бахтияр кайсыл кесиптин ээсисиз? Неге чек ара маселесин байма-бай көтөрүп турасыз?

-Баткенде туулуп өсүп, чек ара маселесинин кандай орчундуу экенин билгеним үчүн жана мамлекетимди сүйгөндүгүм үчүн, бул маселени байма-бай көтөрүп келем. Жерибиз кемибесин, элибиз аман болсун деген тилекте чек ара маселесин көтөрүп турам. Кесибим юрист. 9 жылдан бери юридикалык тармакта иш алып барам. Айыл чарба министрлигинде, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда жан Жогорку Кенеште кесибим боюнча иштедим. Баса, Жогорку Кеңеште иштеп жаткан учурда чек ара маселесин көтөрүп ошонун артынын кызматтан алынгам. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости