www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жаңы COVID-19 деп аталган түрү 2012-жылы кытай шахтасында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу  The Sun британиялык гезити жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, ошол кезде Юньнань провинциясынан алты кытайлык кен казуучу эки жумадай шахтаны жарганаттын кыгынан тазалагандан кийин ооруп калышкан. Аларды дарылаган медиктер бейтаптардан COVID-19 жаңы коронавирусуна мүнөздүү белгилери болгон.

Андан кийин тоо кенчилердин анализдеринин үлгүсү Ухандагы лабораторияга изилдөөгө жөнөтүлгөн. Жергиликтүү адистер бардык бейтаптар атиптүү пневмонияга окшош коронавируска чалдыкканын аныкташкан. Мындан улам, окумуштуулардын пикиринде, COVID-19 адамдын организмине эбак эле көнүп калышы толук ыктымал экени айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости