www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал жакшырганын, илдетти жаңы жуктуруп алгандардын саны бир топ азайгандыгын белгиледи. Ал белгилегендей, кырдаалды мындан ары жакшыртуу жана узак мөөнөткө сактоо менен дары-дармектердин корун түзүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, азыркы тапта ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 млрд сом өздөштүрүлүп жатат. Аймактардагы ишкерлерди колдоо, анын ичинде ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди болушунча кыскартуу боюнча чаралар тууралуу маалымдады. Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө кыскартылганы белгиленди.

Кубатбек Боронов аймактардагы социалдык объектилерди, ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшү тууралуу дагы маалымат берди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалга жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында 1-класстардын окуучуларын мектептерде окутуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Булак: Nazar News.kg

Последние новости