www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир Бол» саясий партиясы: Партия толугу менен жаңыланды

Бүгүн, 2020-жылдын 17-августунда «Бир Бол» саясий партиясы IX кезексиз Съездин өткөрдү. Бул тууралу партиянын басма сөз кызматы билдирет.

Партия лидери Алтынбек Сулайманов Съезддин жүрүшүндө сөз сүйлөп, партия толугу менен жаңылангандыгын билдирди. Ал катарга таза, жаратман жана прогрессивдүү адамдар кошулгандыгын белгилеп, талапкерлер эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер экендигин кошумчалады.

«Мен “Бир Болдун» командасы – сапат белгиси бар команда деп ишенимдүү айта алам. Анын ар бир мүчөсү көпчүлүк үчүн үлгү жана мотиватор боло алат. Ар биринин өзүнүн ийгилик тарыхы бар», – деди Алтынбек Сулайманов.

Ошондой эле «Бир Бол» партиясы өлкөнүн бардык тармактарына вакцина болорун белгиледи.

«Бүгүн бүткүл дүйнө коронавируска каршы вакцина күтүп жатат. «Бир Болдун» өлкө үчүн вакцинасы бар! Сабатсыздык жана коррупция вирусуна, трайбализм жана аймак аралык бөлүнүп-жарылуу вирустарына каршы вакцина – бул «Бир Бол» партиясы! Бардык ооруларга, өнөкөткө айланып кеткендердин баарына – бир вакцина. Ал – «Бир Бол», – деп билдирди партия лидери.

Ошондой эле съездде «Бир Бол» партиясынын «Инновациялык реформалардын мезгили» деп аталган программасы презентация кылынып,  партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Айжан Чыныбаева, Жоомарт Жолдошев, Зарина Чекирбаева сөз сүйлөштү. Съездге чакырылган меймандар да куттуктоо сөзүн сүйлөп, партияга алдыдагы шайлоодо ийгилик каалашты.

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев ак батасын берип,  иш-чараны жыйынтыктады.

«Бир Бол» саясий партиясынын IX кезексиз Съездинин  жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана партиянын программасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости