www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Кишиневдогу беш тараптуу жолугушуудан кийинки билдирүүсү менен анын жыйынтыктарын жана тараптардын позициясын бурмалаганын Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаде билдирди.

Анын айтымында, француз лидеринин аракеттери Баку менен Ереван ортосундагы тынчтык жараянына эч кандай салым кошпойт.

“Кийинчерээк Франциянын президентинин жолугушууну бир тараптуу жарыялоосу тараптардын позициясын чагылдырбайт жана бурмалайт. Тилекке каршы, бул Франциянын мындай аракеттеринин биринчи учуру эмес жана бул Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык жараянына, аймактагы тынчтык менен стабилдүүлүккө оң салым кошпойт”, - деди Хажизаде.

Буга чейин Макрон Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык мамилелерди орнотууга салым кошуу ниетин билдирген. Француз лидеринин айтымында, жөнгө салуу тараптардын ар биринин кызыкчылыгын сактоону, ошондой эле улуттук азчылыктардын укуктарын сактоону карашы керек.

Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан, Германия, Франция лидерлери менен Еврокеңештин башчысынын беш тараптуу жолугушуусу 1-июнда Кишиневдо өттү. Тараптар Карабактын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо, аймактык транспорттук-экономикалык инфраструктураны ачуу, ошондой эле Армения-Азербайжан чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Баку менен Ереван ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча макулдашуу маселеси көтөрүлдү.

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель тынчтык келишимине жетүү жолундагы сүйлөшүүлөрдү абдан жемиштүү деп атап, Армения менен Азербайжандын лидерлеринин кийинки жолугушуусу 21-июлга белгиленгенин жана Брюсселде өтөөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости