www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабак аймагындагы абалдын курчуп кетишине бири-бирин айыпташууда.

Баку чабуулду армян армиясы баштап, аны азери аскерлери токтотконун билдирүүдө. Өз кезегинде Ереван армян жоокерлери каршылаш тараптын чабуулунун мизин кайтарганын айтты. Мындан тышкары аймакта кыйратуу радиусу кеңири курал колдонууга кудурети жете турганын эскертти.

Армения Гардут шаарына жасалган соккудан бир жай тургун каза болуп, дагы үч киши жаракат алганын билдирди. Тоолуу Карабак бийлигинин маалыматына караганда, жаңжал башталган эки күндүн ичинде 84 жоокер курман болду. Азербайжандын Коргоо министрлиги кагылышуунун жүрүшүндө азери тараптан он киши өлгөнүн ырастады.

Эки өлкөдө тең аскердик абал жарыяланып, мобилизация башталды. Армениянын өкмөтү өлкөдөн 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин чыгуусуна чектөө киргизди.

Абал курчуп турган чакта азери бийлиги өлкөдө популярдуу социалдык түйүндөр менен мессенжерлерге бөгөт койду. Азербайжандын Байланыш министрлиги мындай чектөөлөр Армения тараптан жасала турган ыктымал чагымдын алдын алууга жардам бере турганын билдирди. Ушу тапта Азербайжанда социалдык түйүндөр менен мессенджерлерге VPN аркылуу кирүүгө мүмкүн болуп жатканы кабарланууда.

Азербайжан менен Армения 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Аймактагы абалды тынчтык жол менен чечүүдөгү ортомчу өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Орусия тараптарды атышууну токтотууга чакырышты. Ушундай эле чакырык менен Бакуга жана Ереванга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да кайрылды.

Булак: centralasian

Последние новости