www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова Кадамжай районун активисттери менен жолугушуп, аталган райондо эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп жатканын белгилеп, абалды турукташтыруу боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Чынара Саттарова өз сөзүндө оорунун очогу болгон айылдарда, эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле район активине эл арасында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, тынымсыз рейддерди жүргүзүүнү, эскертүү жана айып пул менен эле чектелбестен, баш ийбегендерге укук коргоо органдары тарабынан мыйзам чегинде, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча иш алып барууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости