www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент колдогон проектерди колдой бериш керек», - деди бүгүн, 25-июнда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Бакыт Бакетаев.
- Бакыт агай, казинону бири ачалы десе, экинчиси ачылбашы керек деп коомчулукта катуу талкуу жүрүп жатат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Президент колдогон проектерди колдой бериш керек. Жакшы пайдалуу иш болсо алкыш алат. Жаман болсо кийин өзү жооп берет.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.
Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.
Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.
Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.
Булак: NazarNews.kg