www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тилекке каршы, айта турган оюмуду айта албай калып, өкүнүп олтурам, аттиң! Мындай пикирин жарандык активист Бакыт Үсөнбаев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
"13-август күнү элчи менен жолугушуу болот деп, 15тей адам барган элек. Ошол күнү тилекке каршы, элчи Гүлнара-Клара Самат менен жолугуша албай кайткандыгыма өкүнүп турам.
Ал жерде менин элчиге айта турган максатым төмөндөгүчө болчу.
"Урматтуу Гүлнара айым, азыркы учурда кыргыз мигрант туугандарыбыз чек арага кирди-чыкты болуп, суудай агылып кетип жатат. Ошол мигрант туугандарга жеңилдик болуу үчүн, элчилик тарап арзан баада чоң автобус жалдап, өзүңөр коштоп алып барып келсеңиздер жакшы болот эле", деген сунушумду айта албай калганыма катуу өкүнүп турам. Балким, жогорудагы сунушумду колдоп койсо мындай кырсык болбойт беле аттиң...
Ажал экен шейит кеткен жердештеридин жакын тууган-туушкандарына терең көңүл айтам", - дейт Бакыт Үсөнбаев.
Булак: NazarNews.kg