www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бакыт Төрөбаев Аксы окуясынын катышуучуларына “Аксы окуясынын баатыры” деген наам ыйгарууну демилгеледи. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Барыбызга белгилүү болгондой Аксы эли 2002-жылы 17-мартта жердин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн бийликтин мыйзамсыз аракетине биринчи жолу каршы чыккан. Райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган, андан 6 киши курман болгон, 33 адам жабыркаган. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербен шаарында милициянын огунан бир жигит жан берип, дагы бири сабалып каза болгон. Ушундайча, эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн”, – деди Төрөбаев.

Муну менен катар Аксы окуясына катышкандарга баатыр наамын ыйгарууну 2014-жылы эле сунуштаганын эске салган депутат: “Ошондой эле, 2018-жылы 5-июлда Ак үйдүн алдына Аксы окуясынын катышуучулары, "Аксы окуясынын баатыры" деген мамлекеттик деңгээлдеги макам берүү талабы менен чыгышкан. Тилекке каршы алардын талабы аткарылган эмес”, – деп кошумчалады.

Апрель окуялары сыяктуу Аксы окуясына да баа берилиши керектигин айткан эл өкүлү, окуянын катышуучуларын “Аксы окуясынын баатыры” деген ардактуу наам менен сыйлоону демилгеледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости