www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долон ашуусу убактылуу жабылды

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 296-297-чакырымында, тактап айтканда, Долон ашуусуна көчкү түшкөндүктөн жол убактылуу жабылды. Бул туурасында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кар бүгүн болжол менен саат 10:00дө көчкөн.

Нарын ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү Бишкек — Нарын жана Нарын — Бишкек багытындагы автоунаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Азыркы учурдагы жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", — деп кабарланган маалыматта. Ал кызматтан зарылдык болсо кошумча маалымат берип турушарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости