www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте каткан нанды таштай турган атайын урналар орнотулду. Бул тууралуу мэрия кабарлайт. Демилгени шаардыктар арасында таштандыны иргөө маданиятын калыптандырууну көздөгөн жаш активисттер көтөрүп чыккан.
"Ошондой эле, алар мындай жол менен таштандыдан тамактын калдыгын издеген жолбун ит-мышыктардын азаяарына үмүт артууда", — деп айтылат билдирүүдө.
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине күч келтирбеш үчүн нандын калдыктарын активисттер өздөрү чогултуп кетүүнү көздөп жатышат.
Учурда төмөнкү даректер боюнча 120 урна коюлду:
Саякбай Каралаев көчөсү, №16/1;
Саякбай Каралаев көчөсү, №64;
12-кичи район, №52;
12-кичи район, №41;
12-кичи район, №57а/4;
11-кичи район, №14/3;
Асанбай кичи району, №57а;
11-кичи район, №5;
6-кичи район, №22/1;
8-кичи район, №40/11;
Чокан Валиханов көчөсү, 3;
Туңгуч кичи району, №85/5;
Сухомлинов көчөсү, №24/1;
Сүйүмбаев көчөсү, №10/2;
Абдымомунов көчөсү, №272;
7-кичи район, №21/4.
Булак: NazarNews.kg