www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-19-март күндөрү Кыргызстандын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу чуңкур аймактарды суу каптайт. Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу),

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101, 108-113 чакырымдарында,

Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында,

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында,

Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),

Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси),

60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

18-21-март күндөрү өлкө аймактарында абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүүсү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости