www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия тарап Украинанын аскерлери менен Чернобыль АЭСинде коопсуздукту биргеликте камсыздоону макулдашты. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. "Орусиянын аскерлери Чернобыль АЭСин анын коопсуздугуна зыян келбегидей кылып көзөмөлгө алды. Станциянын күзөт батальонундагы украиналык аскерлер менен ал жакты чогуу кайтаруу макулдашылды", — деди Захарова брифингде.
Ошондой эле, ал Орусия тарап бул объектинин сакталышын камсыздоо үчүн дагы күч жумшай турганын кошумчалаган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg