www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунун тургунунун айтымында, Кара-Балта шаарындагы базарда аял акчасын кийин кайтарып берем деп, андан эки баш бодо малын 142 миң сомго баалап алган. Бирок ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин акчасын же малын кайтарып бербей качып жүргөн.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аялдын 3 алдамчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу милиция анын аракетинен жапа чеккен башка жабырлануучуларды издөөнү улантууда.
Булак: NazarNews.kg