www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев Украинанын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-украин мамилелери менен Украинадагы учурдагы абал талкууланганын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Казакбаев дүйнөлүк коомчулук беделдүү эл аралык уюмдардын аянтчасында, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңеши аркылуу кризистин алдын ала албай койгонун айтып, натыйжада дүйнө катастрофа алдында турганын белгилеген. Кыргызстандын Украинадагы абал боюнча туруму министр тарабынан бардык жолугушууларда айтылып келгенине өзгөчө басым жасалды.

Казакбаев кандай гана конфликт болбосун, аны саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин, кызыкдар тараптардын бардыгы кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышы зарыл экенин белгилеген. Ошондой эле мурдагы механизмдер натыйжа бербей жатса жаңы форматты түзүүнү сунуштаган.

"Кыргыз Республикасы БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген, жалпы таанылган нормаларды жана эл аралык укуктардын принциптерин сактоону, ошондой эле мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости