www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатууну пландап жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токтогул районунун активи менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктары, 1-июлдан тарта жөлөкпулдар 50%га, 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөрүн эске салды.
Ал алты ай ичинде экономикадагы көрсөткүчтөрдү санап өттү. «Кыскасы, көрсөткүчтөр жакшы. Быйылкы жылы киреше 403 миллиард сомду түзөт деп пландаганбыз. Божомолдор боюнча жыл аягына чейин бул көрсөткүч жогору болот», - деди ал.
Учурда өлкө боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 6340 сомду түзөт.
Булак: NazarNews.kg