www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Аспековго Бишкек шаардык соту кандай өкүм чыгарды?

Бишкек шаардык соту 5-июлда Мелис Аспековдун ишин карап, жыйынтыгында мурунку өкүмгө өзгөртүү киргизди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2 беренеси менен айып тагылган болчу.

Соттук коллегиянын курамы — Сүйүнбек Бекташев, Мирада Динеева, төрайым — Жамиля Сабитова. Айып тагылган беренелер: - Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүндөгү 3-пункт.

Бул берене «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик мекемесинин мурунку директору Василий Дашковдон 250 миң доллар талап кылууга байланыштуу. - Кылмыш-жаза кодексиндеги 204-берененин 3-бөлүмү.

Бул Кара-Балта шаарындагы батирди кайра сатуу менен мыйзамсыз 15 миң доллар алууга байланыштуу.

Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, 208-берененин 2- бөлүмүндөгү 3-пункт менен 6 жылга, 204-берененин 3-бөлүмү менен 6 жылга эркинен ажыраткан болчу. Бириктиргенден кийин 7 жыл жалпы режимдеги абакта жаза өтөө чечими чыккан.

Бишкек шаардык сотунун чечими: «Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (2017- жылдагы редакция, алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгиленген жок.

Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик мекемесинин мурунку директору Василий Дашковдон 250 миң доллар талап кылуу эпизоду (2021- жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту) менен күнөөлүү деп табылып, 6 жыл жалпы режимдеги абакта жаза өтөмөй болду.

Шаардык сот М.Аспековдон материалдык чыгымды өндүрүү чечимин күчүндө калтырды.

Биринчи май райондук соту Дашков, Насиров, Мурзамидиновага 21 млн 197 миң сом, Борова Тамарага 304 миң сом, Луиза Кажимуратовага 1 млн 729 миң сом, Карягинага 205 миң сом өндүрүү тууралуу өкүм чыгарган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости