www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын колуна туткунга түшүшүп, ал жерден еврейлер менен коммунист, офицерлерден тазаланып алган соң, адам чыдагыс тозокторду көрүп жаткан туткундардын бет алдында эки гана жол турган. Же Германияга кол көтөрүп багынып берип славян улутундагылар генерал Андрей Власовдун, ал эми борбор азиялыктар Түркестан легионуна кирип жанды арачалап калуу же Сталин үчүн азап-тозокту тарта берүү болгон. Лагерлерде чириген картошкадан жасалган аталадан күндүн нуру көрүнгөн кара нан менен күнүгө бир маал берип миңдеп адамдар ачарчылыктан өлүп атканда, Германиядан жаңы буйрук келет. Кимде – ким большевиктик Орусияга каршы курал кармаса немецтик аскерлердей тамактанат деген.
1941-жылдын 15-ноябрында 444 –күзөт дивизиясынын алдында алгачкы Түркстан полку түзүлүптүр. Түркстан полкуна төрт рота кирген. Кыш мезгилинде алар Таврияда күзөт кызматын аткарышкан. Ал эми 1942-жылы Польшанын легионовосунда Түркстан легион болуп кеңейтилген. Ошол эле 1942-жылы фронтко 450, 452, 781- 784 батальондор жөнөтүлгөн. 1943-жылы 785-792 батальондор пайда болгон. Жалпы жонунан алганда Польшада Түркестандык 14 батальон куралган. Алар «Шпагин» автоматтары, «Мосин» мылтыгы, «Дегтярев» пулеметтору жана гранаталар менен камсыз кылынган.
Гитлердин жарлыгы менен легиончулар немец кийимдерин кийишкен. Кайсы легиондон экенин белгилешкен. Жалпы жонунан советтик туткундардан 52 батальон түзүлүп, ар бир батальондо миңден киши болуп, 50 миңдей аскер куралган. Берлин шаарында түркестандыктар үчүн «Мулла-Шулле» медресеси ачылып, 1943-жылы «Манас» немецче которулган. Гиммлердин атайын тапшырмасы менен Түркестан институту ачылган. Бул институт Түркестанда чалгындоо иштерин аткарган.
Германия түзгөн Түркестан мамлекетинин президенти Мустафа Чокаев болгон. Бирок ал 1941-жылы 27-декабрда өзбек легиончулары тарабынан уу берилип өлтүрүлүп, ордуна өзбек улутундагы Вали Каюм-хан келет. Ал Ташкенде 1904-жылы туулуп, 1922-жылдан Германияда жашаган. Өз улуту өзбектерди, тажиктерди, сарттарды көкөлөтүп көтөргөн казак, кыргыздардын бир нече жолу аны өлтүрүүгө жасаган аракеттери ишке ашкан эмес. Мустафа Чокаевге берилген улуту казак Канат Карысбаев Вали Каюм-ханга каршы өзүнчө топ түзөт. Булар Түркестан деген мамлекет түзүп алып, президенттигин талашып, мамлекети жок болсо да бири-бири менен кырылыша берген.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg