www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Экономикалык коопсуздук бюросунун (БЭБ) башчысы Вадим Мельниктин айтымында, департамент Батыш өлкөлөрү өлкөгө жөнөткөн аскердик жана гуманитардык жардамдарды сатуу фактыларын бир нече жолу каттаган, деп жазат Strana.ua.

«Аскердик товарлар да накталай акчага сатылат. Биз мындай фактыларды аныктадык», - деди Мельник. Анын айтымында, бюро мындай онго жакын кылмыш ишин козгогон, бирок бул андай кылмыштардын толук саны эмес, анткени Украинанын башка укук коргоо органдары дагы ушундай кылмыштарды катташат. Бул факты боюнча УКМК териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Июнь айынын орто ченинде The Wall Street Journal гезити АКШ бийликтери Киевге багытталган каражаттын уурдалышынан чочулап жатканын жазган. Басылма АКШ бийликтери Ооганстанда да ушундай эле жаңылыштык кетирип, азыр анын кесепеттерин ойлобостон эбегейсиз чоң суммадагы акчаны коротууну улантып жатканын белгилеген.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Батыштын Украинага жеткирген курал-жарактары кара базарга түшүп, «Жакынкы Чыгыш аймагына тараганын» билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости