www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстан Республикасынын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Возможно, это изображение текст

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык потенциалын жогорулатуу, пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана модернизациялоо, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы жаатында практикалык тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө иш-чараларын кеңейтүү маселелерине бурулду. 

Нет описания фото.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү долбоорлорун даярдоо жана биргелешкен демилгелердин жол картасын иштеп чыгуу үчүн адистердин жумушчу тобун түзүү жөнүндө макулдашышты. Бул иштин алкагында адистерди алмашуу программаларын иштеп чыгуу, семинарларды уюштуруу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу пландаштырылууда. 

Белгилей кетсек, жолугушуу кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын алкагында өттү.

Нет описания фото.

Последние новости