www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө деле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биз бүт күч - аракетибизди жасап, иштеп жатабыз. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
«Жалгандын дагы чеги болуш керек!
Биз тууралуу такталбаган маалыматты таратып, коомчулуктун көңүлүн туура эмес жакка буруп, азык - түлүк кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын акчасы келбей туруп, «аны бөлүп алды» деген сөз жалган! Кудайга дагы жакпаган иш!
Бул насыя алынган эмес, алынбайт дагы!
Өндүрүштө иштеп жүргөн мезгилде, депутат кезимде азык - түлүк коопсуздугу багытында көптөгөн иштерди жасадык.
Мына, үч жума мурда эле негизги азык-түлүккө баалар өсүп, эл арасында тынчсыздануу жаралганда мамлекет, элге жардам берүү максатында ушул «Дан Юг», «Мариям Ош» заводдору бааларды турукташтырууга өз салымын кошушту.
Бүгүнкү күндө деле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биз бүт күч - аракетибизди жасап, иштеп жатабыз.
Биздин эл азык - түлүк менен камсыз болуш керек. Бул үчүн дыйкандарыбызга максималдуу шарт түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат.
Негизги азык - түлүк тартыштыгына жол койулбайт!
Элибизде ынтымак болсун!», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg