www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарис Калчаев: «Кумтөр боюнча кызыктын баары алдыда»

- Нарис-мырза, Кумтөр кени чындап эле Кыргызстандын менчигине нак өттүбү же?..

- Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кенине ээлик кылуу Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын айтып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктаган.

Келишимге кол коюу эки тараптуу болот жана күчүнө кирет. Бирок, аны көрсөтө алышкан жок. Экинчиден, мен муну «Центерранын» сайтына кирип караганда, «Бололдуу долбоор» деп чыгарышты.

Ал долбоор баардык дооматтар алынып салынгандан соң, кыскасы, Кумтөргө байланышкан соттук доо-арыздар жокко чыгарылгандан кийин күчүнө кирет (1) деп шарт коюп атышат. Ал эми Кыргыз ок мөтү тарабынан жарыяланган текстте ал нерсе жок, көрсөтүлбөптүр.

- Бу жагы кызык экен...

- Келишимдердин тексти бул жагдайда «Центерра» менен Кыргыз өкмөтүнүкү эки бөлөк болуп чыгып атат. Эки тараптуу келишимди көрө элекпиз.

- Кумтөр кенине байланыштуу экологиялык маселелер, соттошуулар эмне болду?

- «Кумтөр кениндеги экологиялык жагдай Кыргыз өкмөтүнүн мыйзамдары менен каралат» деп жазылган. Бул боюнча шаардын Октябрь райондук сотуна берип, өзүңүздөр билгендей, 3,5 миллиард АКШ долларын утуп алганбыз.

Ошол иш боюнча соттук териштирүү болду. Эң кызык нерсе, белгилүү жана белгисиз себептер менен бир жылдан бери токтоп турган. 4-апрелдеги президенттин элге кайрылуусунан кийин өтө тездик менен күмөндүү жагдайда жанданды.

Кечээ биринчи отуруму болду. «Кызыктын баары али алды да окшойт» деп калдым, күтө туралы... Экинчи отурум 26-апрелге белгиленди.

Булак: Азия News гезити

Последние новости