www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстанга орусиялыктар көп келиши күтүлүүдө

Быйыл орусиялыктар Кыргызстанга көп келиши мүмкүн, туристтик жайларды жакшы даярдайлы. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди. Эл өкүлү тийиштүү министрликтерди парламентке чакырып туризмге даярдыгы тууралуу маалымат алууну сунуштады.

"Алдыда 1-майдан 9уна чейин дем алыш болот экен. Баарыбыз "Кыргызстан — туризмдин локомотиви" деп айтабыз, бүгүнкү күндө туристтерди кабыл алууга даярдыгыбыз кандай? Тийиштүү министрликтер, жергиликтүү эл кандай даярдык көрдү, пансионаттар даярбы? Белгилүү болгондой, Орусия туристтик мамилелеш өлкөлөрдөн чектелип калды. Кыргызстанга Орусия жарандарын алып келип эс алдырганга өтө чоң мүмкүнчүлүк бар", — деди Жамгырчиев.

Андан соң төрага Талант Мамытов регламент талаптарына карап сунушту бүгүнкү же кийинки жумадагы күн тартибине киргизе турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости