www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги “Сармат” континенттер аралык баллистикалык ракетасы “Плесецк” космодромунан ийгиликтүү учурулганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылды. Конструкциялык мүнөздөмөлөр учуунун бардык этаптарында тастыкталды. Сынак дүрмөттөр Камчатка жарым аралындагы “Кура” полигонундагы аймакка жетти", — деп билдирди мекеме.

Коргоо министрлиги бул мамлекеттик сыноо программасындагы биринчи учуруу экенин айтты. Күтүлгөндөй эле сыноодон кийин "Сармат" стратегиялык ракеталык күчтөрдүн курамында ишке киргизилет. Бул комплекстер Красноярсктын жанындагы Ужур ракеталык түзүмүндөгү башкы полкту жабдыйт.

Орусия президенти Владимир Путин армияны дүйнөдө теңдеши жок “Сарматтын” ийгиликтүү сыноосу менен куттуктады. “Сармат” ракеталык системасы Орусиянын коопсуздугун камсыздайт, аны коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жаткан кутургандарды ойлондурат, — деди президент.Путин “Сарматты” жаратууда орусиялык гана технологиялар колдонулганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости