www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Бакыт Үсөнбаев Нурчолпонго карата социалдык тармактардагы сын-пикирлер боюнча өз оюн билдирди.
Ал жаш ырчынын кетирген катасын сындоого болот, бирок анын буга чейинки эмгегин, чыгармачылыгын жана кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө таанытууга кошкон салымын бир эле окуя үчүн жокко чыгарбоо керектигин белгиледи. Активист коомчулукту ката кетирген адамды тепкилебестен, туура жол көрсөтүп, колдоого чакырды.
— Кечээтен бери Нурчолпон кызыбызды соцтармакта сөздүн баары менен тепкилеп жатабыз. Жыгылган адамды колдоп тургузгандын ордуна, үстүнө чыгып тебелегенге эмне үчүн ушунчалык маш болуп калдык?
Айрыкча, улуу муундун эже-агаларынын да ушундай сөздөрдү жазып жатканы өкүндүрөт. Жаштарга үлгү болчу биз эмеспизби? Ката кетирген адамды жерге жыгып салуу оңой. Аны түшүндүрүп, туура жол көрсөтүп, кайра тургузуу — чыныгы адамгерчилик.
Нурчолпон Кытайда, Японияда, Россияда жана башка өлкөлөрдө кыргыздын өнөрүн, үрп-адатын, маданиятын таанытып жүргөндө кимдер кол чаап, кимдер сыймыктанып отурдук эле? Ошондо «кыргыздын кызы» деп мактаганбыз. Эми бир жерден жаңылып калса, ошол эле кызды кыргыз эмес кылып салганыбыз кандай?
Ооба, мен да Нурчолпондун кыска кийинип, рэп менен айтканын колдогон жокмун. Бирок бир нерсени унутпайлы: баарыбыз периште эмеспиз. Ар бир адамдын жаңылган жери, туура эмес чечими болушу мүмкүн.
«Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт» деп кыргыз бекер айткан эмес.
Эгер «Манас» жаздырылып жатканда ошол жердеги улуу муунга айрым нерселер туура эмес көрүнсө, элге чыгарып жамандагандын ордуна, өздөрү айтып, түшүндүрүп, жол көрсөтүп койсо болмок. Улуулук — бирөөнү эл алдында басынтууда эмес, жашка акыл айтып, туура жол көрсөтүүдө.
Нурчолпонду жакындан тааныбайм. Бирок таланттуу жаш композитор катары ырларын баалап, угуп келем. Анын талантына кыргыздын ичинде эле эмес, чет өлкөлөрдө да кызыгуу бар экенин анын чыгармачылыгынан көрүүгө болот.
Ал эми «эски комуфляжын кийип эле, катюшасын ырдап жүрө берсе болмок» дегендерге айтарым: ошол эски комуфляждын ичинде да кыргыздын желегин көтөргөн, мекенин тааныткан патриоттук сезим бар эле. Ошол эмгекти бир заматта жокко чыгарып салууга болобу?
Дүйнөгө таанылган казак ырчысы Димаш Кудайбергендин Кытайдагы фестивалда Нурчолпонго көрсөткөн сый-урматын да эстеп койсок, ашыкча болбос. Биз кээде талантты көтөргөнгө караганда, таланттын мүдүрүлгөнүн күтүп отургандай сезилебиз. Бир адамдын бир катасын көрүп, анын бүтүндөй эмгегин, талантын, мекен үчүн кылган аракетин жокко чыгаруу — адилеттүүлүк эмес.
Бүгүн Нурчолпон жаңылды дейли. Эртең башка бирөө жаңылат. Ар бир жаңылган адамды ушинтип тепкилеп отурсак, коом катары кайда баратабыз? Сындаш керек болсо — сындайлы. Бирок адамды сындырбайлы. Ката болсо — айталы. Бирок эмгегин жокко чыгарбайлы. Жыгылса — тепкилебей, тургузалы. Анткени Нур Чолпон — биздин кызыбыз. Нур Чолпон — кыргыздын кызы! – дейт жарандык активист Бакыт Усенбаев.