www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагына кирүүнүн жаңы тартибине байланыштуу маалымат таратты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда Казакстанда чет өлкөлүк жарандар үчүн QazETA системасы пилоттук режимде иштеп жатат. Азыркы этапта Кыргызстандын жарандары үчүн аталган системаны колдонуу милдеттүү эмес.
Кыргызстандыктар үчүн Казакстанга кирүү жана коңшу өлкөнүн аймагында жүрүү тартиби өзгөрүүсүз бойдон калууда.
Тышкы иштер министрлиги миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилсе же казак тараптан расмий маалымат түшсө, бул тууралуу кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Эске салсак, Казакстанга кирүүдө колдонулуучу QazETA тиркемеси 2026-жылдын июль айында сыноо режиминде ишке киргизилген.