www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүн эл аралык сотто тилеке каршы утат», - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине саясий серепчи Бакыт Бакетаев.

- Бакыт агай, «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, Кыргыз өкмөтүн эл аралык келишимдерди бузгандай көрсөтүшүптүр. Эл аралык сот экологияга келтирген зыянын эске албай эле биринчи кайрылган тарапка жан тарткан чечим чыгарып коёбу?

- «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүн эл аралык сотто тилеке каршы утат. Анткени, эл аралык арбитражда соттор, саясаттка баш ийбейт жалаң эл аралык келишимдерди эске алат. Ошон үчүн аталган компания өзүнө ишенип, сотко берди.

- «Центерра Голд» компаниясы эл аралык сотко берүү аркылуу кыргыз өкмөтүн келишимге келтирүүгө аракет кылып жаткан жокпу?

 - «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн чоң финансылык чыгымдарга мажбурлап өздөрүнүн ыгына көндүрүүгө аракет кылат. Айтор, түрдүү сүйлөшүүлөр, түрдүү ыкмалар орун алат.

- «Центерра Голд» компаниясы өздөрүнө каршы чыккан бийликти кетирүүгө аракет кылып, бийлик көзүнөн учкан топту каржылап, бийликти алмаштырууга аракет кылбайбы?

- Албетте, максатына жетиш үчүн болгон аракетин жасайт. Ошондой эле, кыргыздын жашыруун акционерлерин көмүскө түрдө бийликке басым жасатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости