www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 70 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев маалымат жыйында билдирди.

Бердалиевдин айтымына караганда, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 433 чакырымынын 193 чакырымына асфальт төшөлдү.

Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар Асаналиев белгилегендей, аталган альтернативдүү жол 5 долбоорго бүлүнөт.

--"1-фазасында быйыл курулуш иштери жүрдү. Бирок пандемияга байланыштуу жумуштар план боюнча аткарылбай калды. Бирок ал фазадагы туннелди 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. 2-фазада 20 км чакырым пландалган. Ал жолдун 17 чакырымына асфальт төшөлдү. Анда да эки эстакадалык көпүрө бар: биринчиси 1076 метр, экинчи 396 метрге созулат. Ал 90%га бүттү. 3-фаза 3 долбоорго бөлүнгөн. Анда жер жумуштары, суу түтүктөрү боюнча иштер жүрүүдө", - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости