www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга коронавирус кулачын жайып кирип келип, өлкө өзгөчө кырдаалга байлангандан бери, «демократия» сөзүнө таянган айрым кыргыз, жашыл токойду чанып, чаң баскан «аралчага» кирип алып, оюна келгенди кыла баштады. Ар күнү, ар түрдүү жаңылык. Бүгүн, 13-апрелде милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, жалпы кыргыз элин «койго» теңеген кыздын видеотасмасы социалдык тармакка тарап, коомчулукка талкууга алынды.

Так ошол тасмага карата 5-каналдын кызматкери Бакыт Качкынов пикирин өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

-Үйдө эле эмес эшикте да ээн баш болуп калдык! Кемпири деле, кызы деле, жашы деле улуусу деле оозубузга ээ боло албай оолугуп кеттик! Интернетке чыксам эмне болуптур, эмне кыла аласыңар деген ой менен жашап калдык! Кыргызыңды да, кыргызды башкарган ажоңду да ылайга ыргытып тебелеп баштадык! Ыйман деген эмне экенин унуттук! Мындай ыймансыздарды эртеси кармап кечирим суратып, жаман иш кылдың деп гана тим болуп, эртеңки чыкчу дагы бир кыргызды уруп ойнобогон «жылдызды» күтүп калдык! Өзүбүз улут катары өзөрө чабылып өзөнгө кулап баратканыбыз менен ишибиз жок, буларды карап бери жакта жылмайып койуп отурабыз! Көчөдө жүргөн жөнөкөй кыргыз ушинтип атса анан Ак Үй - Көк Үйдө жүргөн жөнөкөй эмес кыргыздар эмнени кылбайт? Чыгарып аткан мыйзамыңар «мыйыгынан» жылмайып үстүбүздөн карап турат, байкуш кыргыз деп! Эгер ошол мыйзамыңар иштесе мындай ээн баштык эчак жок болмок, урматтуу «демократия аралчасынын» дерьмократтары! – деген Бакыт Качкынов.

Булак: NazarNews.kg             

Последние новости