www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасында бир күндө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 4 093 адамга көбөйдү. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жергиликтүү ММКга билдирди.

"Бүгүн, 13-апрелде, 4 933 коронавирустун жаңы учурлары аныкталды. Өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын жалпы саны 61 499 адамды түздү", - деди Кожа.

Министрдин айтымында, бир күндө 98 бейтап көз жумган. Ошондой эле ал оорудан 3957 адам сакайып кеткендигин айткан. Түркияда коронавирустук инфекциянын биринчи учуру ушул жылдын 11-мартында катталган. Коменданттык кырдаал өлкөнүн 30дан ашык провинциясында киргизилген.

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg             

Последние новости