www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент болмокчумун деп чамынгандардын бири Бакыт Төрөбаев чу дегенде эле катуу чалынды.Өзүн ажолук ат салышка аттандырган өздүк партиясынын курултайында Темир Сариевдин идеясын уурдаганы аз келгенсип, чоң атасынын атын балчайтып ката жазды.
Жакшынакай Төрөбаев деген фамилиясын эмнеге «ТОРОП» салганы түшүнүксүз. Саясий технологдору кыргызча кыйратпаган «киргиздер» же тили бууру бирөөлөрбү десек, партиясынын аталышы жакшынакай эле «Өнүгүү» деп эле жазылып турат.
Айтор айтылуу Эргеш аксакалдын амбициялуу баласы айланасындагы «аңгибаштардан»арылбаса алыска бара албайт го. Баса, Бакыт Эргешовичтин өзүнүн эле өкүлдөрү бул катаны жамандыкка жооруп, баштарын чайкашууда. Жакшынакай ТӨРӨ болчу жерден өз жолун өзү ТОРОП алды деп кейигендер көп экен айтор.
Булак: Ачыксаясат