www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгы ушул тармактын түзүлгөндүгүнүн 26 жылдык мааракесин белгилеп, жалпы коомчулук бул тармактын кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүштү.
Бул иш-чарага Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков баштаган жетекчилер жана ӨКМдин кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Б. Байтиков ары жоопкерчиликтүү жана кооптуу кнсиптин ээлери болгон кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү иштеринде ийгиликтерди каалоо менен бирге, чың ден-соолук тилеп өттү. Мындан сырткары, өз ишинде артыкчылык көрсөткөндөргө Ардак громаталар, диплом жана төш белгилер ыйгарылды.
ӨКМдин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов быйылкы жылда бул армактын кызматкерлери кыйла түйшүктөрдү тартышканын баса белгиледи. .
-Быйылкы жыл өлкөбүз үчүн өтө оор жылдардын бири болду десем болот. Анткени, катар-катар жер көчкү, сел жана кар көчкүлөр биздин шаштыбызды алып, бир топ эле убара керчиликке салды. Ошентсе да, элдин коопсуздугун биринчи орунга коюп күн-түн дебей кырсык болгон жерлерде байырлап жүрдүк, - дейт ал.
Эске сала кетсек, жыл башынан бери областта 188 өзгөчө кырдаал катталган, анын 142си чоң кырсыктар болуп саналат. Жалпылап айтканда, 52 жолу жер көчкү, 59 жолу кар көчкү, 9 жолу суу ташкындоо, 8 жолу катуу шамал жүз берген. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен област боюнча 27 көпүрө жараксыз абалга кептелсе, анын 16 калыбына келтирилген. Быйылкы жылы өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 7 адам каза тапты.
Булак: NazarNews.kg