www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Де-факто” гезитинин ушул жылдын 21-апрелинде чыккан макаласынан улам, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна доо-арыз жазды. Доо-арызда төмөндөгүлөр айтылууда: “Аталган макалада жазылган маалыматтар чындыкка дал келбегени аз келгенсип, инсандык абройго жана кадыр-баркка шек келтирип жатат”.

Бакыт Төрөбаевдин жактоочулары соттон, “Де-факто” гезитинин редакциясынан, аталган макаланы жокко чыгарууну жарыялап берүүсүн жана жазган авторлордон моралдык зыян келтиргени үчүн беш миллион сом компенсация төлөп берүүсүн талап кылды .

Булак: NazarNews.kg

Последние новости