www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 6-июнда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы каралмак. Нөшөрлөп жааган жаанга карабай журналисттер жана Жапаровдун тарапташтары чогулду. Соттук процесс 14:00 башталмак, бирок саат 13:40 сот залынын эшиги жабылды. Журналисттер жана Жапаровдун туугандары соттук отурумга кире албай сыртта калышты.

Бир кезде Ысык-Көлдө Жапаров тарабынан барымтага алынган делген ошолкездеги көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаев да сотко келип бирок сот залына кире алган жок.

Кудум эл аралык террористти кайтаргандай көптөгөн күч органдарынын кызматкерлери соттун имаратын кайтарууга алышты. Бир убакта сот отуруму келээрки дүйшөмбүгө 12-июнга жылдырылды. Садыр Жапаровду 5-6 унаа менен алып келишкен өңдүү, дегеним милиция кызматкерлери унааларын имараттын алдына алып келишип анда турган элди түртүп чекеге жылдыра  башташты. Жаалданган эл "Жапаровго боштондук" деп кыйкырып бир топко тарабай турушту.

Диана Айдарова, NazarNews.kg

Последние новости