www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, Бакыт Төрөбаев эми ойгонду...

Ал  Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри болуп иштеген Молдомуса Конгантиевге пикирин айтты. Анда,

"Кыргыз милициясында өз кесибин сүйүп, ага чын дилден берилген саналуу гана генералдар бар. Алардын бири – Молдомуса Конгантиев.

Өзүнүн билими, тажрыйбасы, энергиясы менен жөнөкөй кызматкерден министрге чейин жеткен Молдомуса Ташболотович жетекчи катары бир катар алгылыктуу иштерди жасады. Милиция кызматкерлеринин статусун көтөрдү, министрликтин материалдык-техникалык базасын жакшыртты. Ошондуктан, учурда ИИМ кызматкерлери көчөдөн көрсө дагы урмат көрсөтүп, учурашат.

IV чакырылышта депутат кезимде Молдомуса Конгантиев ИИМ менен тыгыз кызматташкандыгым үчүн “Ардак” медалын тапшырган. Министрдин колунан алган алгачкы медаль мени абдан толкундатып, милицияга болгон сый-урматым күчөгөн.

Молдомуса Ташболотович турмуштун түрдүү сыноолорун баштан кечирди. Андыктан, ага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалайм", - деди Бакыт Төрөбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости