www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын жыйын өткөрүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүргөн учурлар көбөйгөнүн билдирди.

-Биздин айылдар менен шаарларды селден, жер титирөөдөн, жер көчкүдөн коргош үчүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алыш үчүн сапаттуу, комплекстүү иш аткарышыбыз керек. Жарандардын өрт менен суудагы коопсуздугуна, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугуна көңүл бурушуңуздарды өтүнөм, - деди Абылгазиев.

Туристтик сезондо бардык курорттук аймактарда жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости